ЭлТР телеканалынын башкы директору Максуда Айтиева кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 29-октябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти. Айтиеваны кызматтан алууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуш берген.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун башка жарлыгы менен Айбек Мусаев аталган телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, быйыл жазында телеканалдын Профсоюз уюму М.Айтиеваны кызматтан бошотуу талабын айтып чыккан. Кырдаалды өкмөт териштирип, жыйынтыгында жетекчи өз ордунда калган эле.