Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын күнүн белгилөөгө келген чет өлкөлүк делегаттарды кабыл алды (фото)

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын күнүн белгилөөгө арналган майрамдык салтанатка карата коңшу өлкөлөрдөн келген делегацияларды шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев кабыл алды.

Иш-чарага Орусиянын Новосибирск шаарынан Олег Клемешов, Олег Шумилов, Кытайдын Синин шаарынын вице-мэри Жанг Донкианг, Жао Жиншей, Ланьчжоу шаарынын вице-мэри Хе Сиандон, Хуо Чжаочен, Түркиянын Йозгат шаарынын вице-мэри Али Акгул, шаар депутаты Энвер Кылыч, Амасия шаарынын мэринин орун басарлары Осман Акбаш жана Исмаил Казан жана башка өлкөлөрдүн Ош шаарындагы атайын консулдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ош шаары кең пейилдиктин, ынтымак-ырашкерликтин, меймандостуктун шаары. Бүгүн атына жараша заты бар Ош шаарынын эли улуу көчтүн өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошуп келе жатат. Мындан ары да шаардын өнүгүүсү үчүн тышкы байланышты күчөтүүдө сиздердин салымыңыздар абдан чоң”,- деди Кадырбаев.

Делегаттар Ош шаары менен тыгыз иш алып барууга чоң жол ачылгандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан