Түркияда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Президенттин партиясы алдыда

Түркияда мөөнөтүнө чейинки парламенттик шайлоодо берилген добуштарды эсептөө аяктоодо. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта добуштардын 99 пайызы эсептелип бүттү. Бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясына шайлоочулардын 49,4 пайызы добуш берди. Мындан тышкары шайлоодо 10 пайыздык босоголук чектен негизги оппозициялык Элдик-республикалык партия (20,7 пайыз), "Улуттук кыймыл" партиясы (11 пайыз) жана Элдик демократия партиясы (11 пайыз) ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан