Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Египетте орусиялык учактын кыйрашына байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинге көңүл айтты. 31-октябрда Египеттин Синай жарым аралындагы авиакырсыктан 224 адам каза тапкан. Президент кырсыктан каза тапкандардын жана жаракат алгандардын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.