Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" парламенттик коалициялык көпчүлүгү түзүлдү.
Макулдашууга кол коюу иш-чарасына 4 фракциянын лидерлери: Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Канат Исаев ("Кыргызстан") жана Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") катышышты. Ал эми "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" оппозицияда калышат.
Коалициялык көпчүлүк тараптан өкмөт башчы кызматына Темир Сариев, парламенттин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги сунушталган. Парламенттик жыйын 4-ноябрда өтүп, анда өкмөт башчыны жана Жогорку Кеңештин төрагасын дайындоо, өкмөттүн жана парламенттин түзүмү каралат.