- Саламатсызбы, Куттубек! Октябрь айынын жеңүүчүсү болуп, заманбап смартфондун ээси аталдыңыз...
- Рахмат, кубанычтуу кабар экен.
- Наристелердин тагдыры тууралуу кантип билип калдыңыз?
- Бул кабарды укканда коомубузда балдарга ушундай мамиле жасаган ата-энелердин пайда болгону өкүндүрдү. Балдарын жашоонун оордугунан улам бирөөгө таштап кеткендир, бирок тарыхты карасак, мындан да оор күндөрдө балдарын ташташкан эмес... Эки наристени көрүп бооруң ачыйт, жакшынакай, чырактай балдар экен. Айрымдар балага жетпей зар болуп жүрүшсө, башкалары бейкапар бирөөгө таштап алыска кеткени ойлондурат.
- Балдардын атасынан, туугандарынан кандай реакция болду?
- Атасы да учурда Орусияда экен, дареги табылбай жатат. Балдардын апасы күйөөсү менен байланышы жок экенин айтты, ажырашкан экен. Ал эми Розанын Ош шаарында жашаган туугандары табылды. Аларга балдар берилген жок, анткени соттун чечими менен гана берилет. Апасы келген соң тийиштүү чаралар көрүлүп, балдар өз энесине берилет. Ал эми наристелердин ден соолугу чың, аман-эсен. Апасын күтүп жатышат.
- Ушул окуянын негизинде ата-энелерге кандай сунуш айтар элеңиз?
- Бардык ата-энелер өз балдарына туура тарбия берип, дени сак, акыл-эстүү, ыймандуу кылып өстүрүшсө деген каалоом бар. Ар бир бала өз ата-энесинин колунда өссө деген тилектемин. Күнөөсү жок балдарын таштап кеткен ата-энелер болбосо экен.
Анан SUPER.KG порталына ыраазычылык айтам. Апасы балдары тууралуу кабарды сиздердин порталдан окуп, байланышка чыгыптыр. Смартфон утам деген максатым жок болчу, кичинекей балдардын ата-энеси табылсын деген ниет менен жарыялаганбыз. Жалпы жамаатка рахмат!
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.