Жаңы депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында ант берди. Берген антын жыйынга төрагалык кылып жаткан депутат Анвар Артыков кабыл алып, ал 28-октябрь күнү ант берүүгө ден соолугуна байланыштуу келе албай калганын кошумчалады. Андан кийин Орозованы депутат болушу менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.