Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин биринчи жыйынында депутаттык кол тийбестиктен баш тартууну демилгеледи

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов "Республика - Ата Журт" фракциясы оппозицияда калганын расмий жарыялады.

"Оппозициялык азчылык болсо да, биздин үнүбүздү угуп, өз убагында сөз бересиңер деп ойлойм. Оппозициядабы, коалицияда болобузбу айырмасы жок, биздин максат - мамлекетибиздин кызыкчылыгын коргоо. Оппозицияда калсак да, "Республика - Ата Журт" фракциясы депутаттык кол тийбестиктен баш тартууну демилгелейт. Төрага шайлангандан кийин ушул маселени чечип койсок, тарыхый зор окуя болот эле",- деп билдирди Бабанов.

Депутат Алтынбек Сулайманов да "Бир бол" фракциясы оппозицияда каларын расмий жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан