Бүгүн Жогорку Кеңеште төраганы шайлоо процесси жүрүп жатат. Учурда Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Асылбек Жээнбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип, өзүнүн аткара турган иштери тууралуу маалымат берип жатат. Суроо-жооп учурунда депутаттар Жээнбековго Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуш кылышты. Жээнбеков жооп бергенче эле эсептөө комиссиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Ак үйдүн тосмосу болушу керек экендигин тарых көрсөтүп койду" деп жооп берди. Жээнбеков да Текебаевдин пикирин колдоого алып, коопсуздук маселеси үчүн бул тосмо керек экендигин билдирди.