Жогорку Кеңеште төрагалыкка Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги каралып, учурда депутаттар анын талапкерлигине добуш берүү процессине өтүштү. Добуш берүү иши жашыруун түрдө жүрүүдө. Анын жыйынтыгы 30 мүнөттөн соң чыгарылып, канча депутат макул, канчасы каршы болгону айтылат.
Буга чейин коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков Жээнбековдун талапкерлиги 3-ноябрда фракцияларда талкууланып, бардык фракция колдоого алганын билдирген.