Парламент депутаттары бүгүн премьер-министрликке талапкерди жана өкмөт курамын бекитишет

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-ноябрдагы жалпы жыйындын экинчи бөлүгүндө премьер-министрликке талапкерди жана өкмөт курамын бекитишет. Учурда жыйын залында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев баштаган өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамы келди. Депутаттар алгач өкмөттүн программасын угуп, андан кийин өкмөттүн курамын аныкташат.

3-ноябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүк өкмөттүн жаңы курамын сунуштап, фракциялар сунушту жабык эшик артында талкууга алышкан. Анда белгилүү болгондой, бир вице-премьер-министрлик орун менен эки министрлик кыскартылууда. Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүү, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин кызмат кылып өзгөртүү каралууда.

Ал эми Энергетика министрлигинин ордуна Энергохолдинг түзүлмөкчү. Министрликтин функциялары Экономика министрлиги менен Энергетика агенттигине жүктөлөт.

Курам төмөнкүдөй:

Премьер-министр – Темир Сариев

Биринчи вице-премьер-министр – Аалы Карашев

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Гүлмира Кудайбердиева

Маданият, маалымат жана туризм министри – Алтынбек Максүтов

Ички иштер министри – Мелис Турганбаев

Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев

Транспорт жана коммуникация министри – Аргынбек Малабаев

Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев

Билим берүү жана илим министри – Эльвира Сариева

Юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева

Каржы министри – Адылбек Касымалиев

Айыл чарба жана мелиорация министри – Турдуназир Бекбоев

Экономика жана өнөр жай министри – Арзыбек Кожошев

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бусурманкул Табалдиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан