Нурбек Касымбеков президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 4-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, Нурбек Касымбеков 2013-жылдын 11-февралынан 2014-жылдын 31-декабрына чейин президенттин алдындагы Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген.
Андан кийин бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.