"Өкмөттүн иши боюнча жоопкерчиликти толук моюнума алам" деди Темир Сариев

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамы каралууда. Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Темир Сариев өз программасы менен тааныштырып, өкмөттүн иши боюнча жоопкерчиликти толук моюнуна ала турганын белгиледи. Сариев экономикалык шарттарга жараша жана кыш мезгили келип калгандыктан, бардык эле министрлер өз ордунда калышканын айтты.

"Айыл жергесине барып калганда элдин баары эле айтып жатат, "улам бирин кетирип, экинчисин дайындайбыз деп убакытты кетирбей, эффективдүү иштебейсиңерби..." деп. Ошондуктан өкмөттүн курамын толугу менен өзгөрткөн жокпуз, айрым министрликтердин жетекчисин алмаштырдык",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан