"Жогорку Кеңеште жаш депутаттардын микрофондон сүйлөөсүнө орун берилбей жатат" деди Жээнчороев

"Жогорку Кеңеште жаш депутаттардын микрофондон сүйлөөсүнө орун берилбей жатат". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жалпы жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев айтып чыкты. Анын билдиришинче, мурдагы чакырылышта да депутат болгондор суроо-жоопко биринчилерден болуп жазылып алып жатышат.

"Жыйын башталгандан бери эле эски депутаттар сүйлөп, жаш жана жаңы депутаттарга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатасыздар. Суроо-жоопко жазылган экранда эски депутаттардын аты-жөнү турат. Бизге да мүмкүнчүлүк бергиле да",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан