ЭЛДИК КАБАР: Көк-Бел айылында түн ичинде мектепке уурулар киришип, компьютерлерди уурдап кетишти

Бүгүн, 4-ноябрда Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Кенжемат Абдылакимов атындагы орто мектебине түнкү саат 03:00 чамасында уурулар кирип, информатика, математика жана мектептин директорунун бөлмөлөрүнүн эшиктерин ачып, жаңы келген жана колдонулган көптөгөн компьютерлерди уурдап кетишкен. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Кароолчу эки күн мурун Бишкекке өз иштери менен кеткен болчу. Уурулар ошондон пайдаланышкан. Бүгүн эртең менен мектеп жетекчилиги уурулук фактысы боюнча милицияга кабарлаган. Текшерүү иштери жүрүп жатат. Окуучулар эртең менен сабакка киргизилбей, үйлөрүнө кетишти",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
akzuura
2015-11-04 19:18:01
Өзүңөрдун айылыңардагы билген эле адам кылатда.
+7
killer5
2015-11-05 02:43:37
стационар пк чон болот демек транспортировка ууруларга коп эле проблема жаратат. 100% бир жумада кармалышатко. Профи эмес аилский ууруларго
+2
talant87
2015-11-04 19:19:38
Кар жоко силерде
+1
mira28
2015-11-04 19:28:41
Уяты жоктор копчулуктун колдонгон буюмун уурдаганга кантип колу бардыкен каргыш урат.
+4
temirlan85
2015-11-04 19:39:55
Менин алтын уям мектебимго? Мен эмнеге бул жанылыкты укпадым экен?
0
Adilet2014
2015-11-04 19:53:54
ХХХ колдонулган компту эмне кыласынар. Мектептерге кыйратып деле жакшы компьютер бербейт го
-15
admin_superstan
2015-11-05 10:58:49
Adilet2014, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган!
Эскертүү!
0
KUMTOR1
2015-11-04 20:18:33
Заңкыйган мектепте кароол жок дегени эмнеси?
+5
bolotbai3
2015-11-05 09:51:59
KUMTOR1, Кароолчу Бишкеке Абдрахмандын суннот тоюна кеткен эле.
+1
Umar080814
2015-11-04 21:18:56
шумдугун кургур замана болуп калдыго бир карасан уурулук, олтуруу,алдамчылык
+2
jibek.shami
2015-11-04 21:43:29
аа ал буюмдарды точно уурулар уурдаган.темирге тапшшырам деп... ха ха хааа...
0
jany-aryk
2015-11-04 22:00:09
Azr mektepterde kanikulgo oku4ular kelip kaira ketiwti deibi?
+1
Oolokon
2015-11-05 05:46:25
Уурулар колго тушушуптур. Айылдын эле уч шумпайы экен. Уурулар азыр Нокатта камакта экен.
+2
timarama91
2015-11-05 08:34:43
Биринчиден уурулардын кылганы туура эмес иш болду. Балким алардын балдары ошол мектептен билим алаттыр. Анда оз тукумдарынын келечегин бузуп жатат. Аларга наалат дейли. Анан "тоолук" деп айтылган созго кайрылсам, жонокой мисал катары Адилет 2014 сен да тоолуксун. Анткени кыргызстандын бардык жерин тоолор курчап турат эмеспи.
+1
admin_superstan
2015-11-05 11:00:01
bolotbai3, Nasi1981, kepka, munarxan, kobra86, senchi, albina2010, Medina87, эскертүү!
Жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар!
+1
Adilet2014
2015-11-05 19:41:42
Ооба мен да тоолукмун. Тоодо чонойгом Кыргызстандын баардык жери тоо да. Мен сыймыктанам!!!
+1
Jikos
2015-11-09 13:46:53
Атын чыкпаса жер ортто)))), Насирдин Исанов туулган айылдан ушундай жоруктар чыкпай эле койбоптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан