Жогорку Кеңеш өкмөт башчыны жана өкмөт курамын бекитүүнү эртеңкиге калтырды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-ноябрда өтүп жаткан жыйынында парламенттик коалициялык көпчүлүк тарабынан премьер-министрлик кызматка Темир Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Ал депутаттарды өкмөттүн иш программасынын долбоору менен тааныштырып, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын сунуштады. Ал адегенде жалпы комитетте, андан соң парламентте каралды.

Сариев аткаруу бийлигинин ишин жакшыртуунун, мамлекеттик органдардын иштөө натыйжалуулугун арттыруунун оптималдалдуу жолу тандалып алынганын, аларды жетектей турган талапкерлер иргелип алынганын, кадрлардын туруктуу иштөөсү жаатында иштиктүү чаралар көрүлүп, аларга коюлган талаптар катуулана турганын баса белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө өкмөт түзүмүндө мурдагы Коргоо министрлигинин ордуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, Энергетика министрлигинин ордуна Улуттук энергетика холдинги түзүлөрү, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статусу өзгөрүлөрү, айрым иш-милдеттери башка министрликтерге ыйгарылары белгилүү болду. Ал эми калган түзүмдөр өзгөрүүсүз калды.

Сариев депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, мамлекеттик органдарды башкаруунун ийкемдүү усулдарын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу, өлкө экономикасындагы туруктуулукту камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болуп калмакчы. Ошону менен бирге ал бардык жоопкерчиликти өз моюнуна аларын билдирди.

Бул жыйында суроо-жооп аяктады. Эми Жогорку Кеңештин эртең, 5-ноябрда өтө турган кезектеги жыйынында өкмөттүн иш программасынын долбоорун, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын талкуулоо улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан