"Өкмөт жакшы иштебесе, биз бир айдан кийин өкмөттү оппозициядан коргой албайбыз",- деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев 5-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып. Төрөбаевдин билдиришинче, өкмөт депутаттардын колуна берилген сунуштар боюнча жетиштүү маалымат берип турушу керек.
"Бүгүн өкмөттү коалициялык көпчүлүк эле эмес, оппозиция да колдоого алып жатат. Бирок алар бир айдан кийин аргументтерди келтирип, "өкмөттү отставкага кетиребиз" деп чыгышат. Ошондуктан өкмөт берилген сунуштар боюнча жеткиликтүү маалыматты берип турбаса, биз өкмөттү коргоп чыга албайбыз",- деди Төрөбаев.