Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн иш программасынын долбоору, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамы талкууланып жатат. Жыйында депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттү чет өлкөдөн карыз алууну токтотууга чакырды. "Өкмөт өз дареметине карабай сырттан тынымсыз карыз алып жатып, карыздын көлөмүн ички дүң продукция менен салыштырганда 64 пайызга чыгарып жибериптир. Карыз алууну токтотуш керек, анткени биз муну менен келечектеги муундун тагдырына сокку уруп жатабыз. 80 пайызга жеткенде экономикада жылыш болбойт",- деди Сулайманов.