Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-ноябрда өкмөттүн курамын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Нурханбек Момуналиев өкмөт аппаратынын башчысы болуп бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн курамы:
Премьер-министр – Темир Сариев
Биринчи вице-премьер-министр – Аалы Карашев
Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов
Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Гүлмира Кудайбердиева
Маданият, маалымат жана туризм министри – Алтынбек Максүтов
Ички иштер министри – Мелис Турганбаев
Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев
Транспорт жана коммуникация министри – Аргынбек Малабаев
Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев
Билим берүү жана илим министри – Эльвира Сариева
Юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева
Каржы министри – Адылбек Касымалиев
Айыл чарба жана мелиорация министри – Турдуназир Бекбоев
Экономика жана өнөр жай министри – Арзыбек Кожошев
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев
Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов