Жогорку Кеңештин 6-ноябрда өтчү кезексиз жыйынында жаңыдан дайындалган өкмөттүн курамы ант берет. Алардын антын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алмакчы. Андан кийин парламент депутаттары Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча маселени кароону улантышат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 5-ноябрда өкмөттүн курамын бекитүү тууралуу жарлыкка президент кол койду.