5-октябрдан 5-декабрга чейин Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин эки айлыгы жүрүп жатат. Буга байланыштуу шаарда атайын текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Үпөл Асаналиеванын маалыматына таянып билдирди.
Маалым болгондой, бул эки айлык Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан "КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын" 26 жылдыгына карата жарыяланган. Рейддин жүрүшүндө шаардагы бир катар мекемелер текшерүүгө алынып, бир топ мекемелерде иш кагаздарынын баары орус тилинде жүргүзүлүп жатканы анык болду. Асаналиеванын билдиришинче, айрым ишканаларга жогорку жактан каттар орус тилинде келип жатат.
"Айрым мекемелерде орус тилдүү жарандар иштегендиктен, иш кагаздары орусча жазылууда. Андай болбош керек. Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил баары үчүн бирдей, аны баары билиши керек. Кыргыз тили кыргыз жергесинде ар бир жарандын тили болуш керек. Мамлекеттик тилди билбегендерди шаардык мэрия окууга жөнөткөн. Аларга муктаждык менен зарылдыкты жаратпаса, кыргыз тилин үйрөнүшпөйт. Ал эми биз эки айлыктын жүрүшүн тыкыр көзөмөлгө алабыз",- дейт Асаналиева.