Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин Бакай-Ата жана Дордой-2 жаңы конуштарында жаңы балдар аянтчалары ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү тургундардан тышкары Свердлов районунун акими Айнагүл Чылабаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева катышты.
Айта кетсек, оюн аянтчалары райондук бюджеттин эсебинен салынды.