Өзбекстандыктар тарабынан кыргыз жаранынан тартылып алынган мал Ала-Букадагы чек арачылар аркылуу кайтарылып берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-ноябрда "Кербен" чек ара тозотуна Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Ал Аксы районуна караштуу Беш-Батман жергесинде 3 белгисиз адам күч колдонуу менен 4 ири мүйүздүү малды тартып алганын айткан.
Ошол эле күнү кыргыз чек арачылары өзбек чек арачылары менен жолугушкан. Анда Өзбекстандын жарандарынын чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана кыргыз жаранына таандык мал жандыктарын уурдоо фактысы тууралуу айтылган. Азыркы тапта өзбек чек арачылары тарабынан малды уурдагандар изделүүдө.