Өлкөдө 11-класска чейинки бардык окуучуларга ысык тамак берүү боюнча программа иштелип жатат. Муну бүгүн, 6-ноябрда журналисттерге Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Назгүл Мусаева билдирди. Анын айтымында, учурда республикадагы бардык 2207 мектепте 1-4-класстын окуучулары тамак менен камсыздалат. Алардын ичинен 788 мектепте ысык тамак берилет. Ал эми калганы билим берүү мекемесинде суунун жана башка техникалык шарттардын жоктугуна байланыштуу таттуу нан, сүт же компот менен түштөнөт.
“Орусия Федерациясы кыргыз жергесиндеги мектептерде тамак берүүнү жакшыртуу боюнча программанын алкагында бизге 10 миллион доллар бөлүп берген. Анын жардамы менен пилоттук бул иш-чарага 261 мектеп кирип, ысык тамак менен камсыздалат. Мындан тышкары быйыл Орусия дагы 3 миллион доллар берди”,- деди адис.
Мусаеванын айтымында, жакынкы аралыкта жогорудагы пилоттук программага донорлордун жардамы менен дагы 100 мектеп киргени турат.