Бишкекте муниципалдык жер тилкесине 6 метрлик дубал куруп алган жарандын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жеке турак жай департаменти курулушка байланыштуу кезектеги мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Ага ылайык, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин ээси Н.Ю.Төлөнбаевага жазуу түрүндө эскертүү берилген. Көрүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында мыйзамсыз курулуш үй ээси тарабынан өз алдынча бузулуп, муниципалдык жер мурдагы абалына келтирилди.