Шашылыш билдирүү! 9-ноябрга чейин өлкөнүн тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

6-ноябрдан 9-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-138-чакырымдары) автоунаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 7-ноябрь күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, кеченде бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -1С°сууктан…+1С° жылуулукка чейин, күндүзгү температурасы +10…+12° жылуу болуп, кечке жуук +3° чейин төмөндөшү күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан