Бишкекте капиталдык оңдоо иштерине 15,7 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май районунда №78-бала бакчанын ачылышына карата салтанаттуу иш-чара болду.
Айта кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 жаш балага ылайыкташкан. Алар кыргыз жана орус тилдеринде тарбияланышат. Бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөөсүнө мэрия 15 миллион 700 миң сом бөлүп берген.