3-ноябрда "Ош базарынан" жумуштан чыккан боюнча дайынсыз жоголгон Амантур Актамов табылды. Туугандарынын айтымдарында, ал үйүнө өзү кайтып келди. "Амантур Бишкекте эле болгонун айтты, эмне үчүн 5 күн жок болуп кеткени сыр бойдон калууда. Мүмкүн, бирөөгө таарынгандыр же
ойноп-күлүү максатында жөн гана достору менен жүргөндүр",- дешет туугандары.