Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр (1985-жылкылар) кече өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары билдиришти.
Алардын айтымдарында, жергиликтүү мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр акча чогултуп, ал каражатка 7 баланы жалгыз тарбиялаган Гүлбара Курманалиевага үй куруп берүүнү чечишкен.
"Бүтүрүүчүлөрдүн бири Нуркан Сооронбаевдин айтымында, бүтүрүүчүлөр 10 жылдыкты белгилөө боюнча идеяларды талкуулоодо жалгыз бой энеге үй куруп берүү чечими кабыл алынган. Классташтар көптөгөн жакшы нерселерди жасаганга үлгүрбөй каза болуп калган Кабылбек Медетбеков аттуу молдонун үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү колдошкон. Анын алты кызы жана кичинекей бир эркек баласы калган. Жубайынын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми эски үйү урайын деп калган.
Жалпысынан 20 бүтүрүүчү чогулган. Ал эми чет мамлекетте жашап жаткан бүтүрүүчүлөр акча салып жиберишкен. Үйдү жергиликтүү тургундар жана бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн күчү менен бир жыл ичинде курушту. Үй 4 бөлмөлүү. Жаңы үйдүн ачкычын тапшырууда Г.Курманалиева ыраазычылыгын билдирди.
Бүтүрүүчүлөрдүн айтымдарында, үйдүн курулуш материалдарынан тышкары кошумча дагы 300 миң сом жумшалган",- дешет айылдын тургундары.