Улуттук гвардиянын алдындагы атайын багыттагы "Пантера" бригадасына жана "Барс" коменданттык бригадасына күзгү мөөнөттөгү аскер кызматына чакырылгандар 6-ноябрда ант беришти. Ага Ооган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Сатыбек Молдалиев, Жоокерлердин энелери комитетинин өкүлдөрү, жоокерлердин ата-энелери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик техника көрсөтүлүп, Улуттук гвардиянын жоокерлери аскердик өнөрлөрүн көрсөтүштү.