Социалдык өнүгүү министрлиги үй-интернаттарды 786 тонна көмүр менен камсыздаганга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жылытуу мезгилинин башталышына карата 137,6 тонна кара алтын иштетилди. Социалдык өнүгүү министрлигине караган 14 стационардык мекеме, 7 интернат жана Шопоков шаарында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөлүк типтеги үйү көмүр менен жылытылат.
Учурда социалдык кызматкерлер бардык жогорудагы мекемелерди кыдырып, алардын кышка даярдыгын көзөмөлгө алышты.