Бишкектеги Садыгалиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилди. Муну бүгүн, 9-ноябрда шаар мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, Садыгалиев көчөсү Л.Толстойдон Дэн Сяопин кең көчөсүнө чейин унаалар үчүн ачык.
Садыгалиев көчөсүнө эки катмарлуу асфальт төшөлүп, ирригациялык систем жана жол жээктери жаңыланды. Мындан тышкары жакынкы убакта көчөнү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, жөө жүрүүчүлөр үчүн жол салуу боюнча жумуштарды бүткөрүү пландалган.