Мамлекеттик чек ара кызматына күзгү мөөнөттөгү аскерге чакырылган 500 жоокер ант берди. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эки ай аралыгында жаңы жоокерлер "Ысык-Көл", "Айдаркен" жана "Ош" чек ара отряддарында аскер кызматы боюнча билим алып, керектүү делген даярдыктан өтүшкөн.
Андан соң Айдаркен, Каракол жана Ош шаарларында жоокерлердин ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Ага Мамлекеттик чек ара кызматынын облустар боюнча башкармалыктарынын командирлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле жоокерлердин ата-энелери жана жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер аскердик өнөрлөрүн көрсөтүштү.