Ала-Бука районунун кинотеатрынын имараты урап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган министрликтин башчысынын орун басары Бактыбек Секимов Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун бир катар мекемелерин көрүп чыккан. Иш-чаранын жүрүшүндө Ала-Бука районунун кинотеатры жарым-жартылай иштеп жатканы белгилүү болгон.
“Учурда, тилекке каршы, эки залдын бирөөсү - кичинеси гана элди кабыл алууда. Ал эми чоң зал урап калган. Муну менен катар кинотеатрда техникадан бир гана Кинематография департаменти берген проектор бар”,- деп айтылат маалыматта.