Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Маданият үйүнө жакынкы аралыкта заманбап жылытуу системи орнотулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов аталган мекемеге иш сапары менен барганда билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда Маданият үйүндөгү бөлмөлөр электр жылыткычтары менен жылытылат.
Айта кетсек, Ала-Бука районунун Маданият үйү 420 орундуу, анда КРнын Эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровго арналган бөлмө жана ошондой эле фондунда 46 миң китеби бар китепкана жайгашкан.