Кыргыз жергесинин жаш ишкерлери Украина мамлекетинде 11-ноябрга чейин украин ишкерлери менен кызматташуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт. Ишкерлердин Украинага болгон иш сапары 8-ноябрда башталганын КРнын Бизнес ассоциациясы билдирди.
Ошондой эле сапар алкагында атайын өндүрүш заводдоруна экскурсиялар жана маданий иш-чараларга баруу пландалган. Сапардын башкы максаты Украинанын ишкер чөйрөсү менен таанышуу, кызматташуу жана Кыргыз Республикасынын Украина форумуна катышуусу болуп саналат.