Эмгек министрлиги жана Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан беш жыл ичинде Орусияда кароосуз калган 50 бала кыргыз жерине алынып келинген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 9-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кыргыз жарандары негизинен туруктуу жашаган жери жок же жумушу жок болгондуктан жана никеси расмий катталбагандыктан, балдары кароосуз калышат. Же эне балалуу болууну каалабагандыктан, төрөгөндөн кийин ымыркайын таштап кетет. Кароосуз калган балдарды мекенине кайтаруу 2011-жылы башталган. Бул багыттагы иш-аракеттер үчүн үстүбүздөгү жылы министрликтин бюджетинен 1 миллион 525 миң сом каралган.