Нью-Йорктогу театрлардын биринде сакал-мурутчан мырзалардын улуттук чемпиондугу өттү. Өздөрү кам көрүп, өстүрүп келген муруттарын жана сакалдарын көрсөтүү үчүн 18 мамлекеттен 300гө чукул катышуучу келген. Театрдын сахнасына чыккан катышуучулардын муруттарына узун жана ичке сакал, мурутсуз, бирок ээгине өстүрүлгөн сакал, фристайл категориялары боюнча баа берилди. Бул тууралуу 9-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.