Эртең, 10-ноябрда Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Абай, Кремлёв, Скрябин, Медеров, Ашхабад, Панфилов, Орлов, Ош тар көчөсүндө жарык өчөт. Ал эми Чүй облусунун Шопоков шаарында, Сокулук айылында, Түштүк айылында жарык өчүрүлүшү мүмкүн.