7-ноябрь күнү "Ош" чек ара отрядынын "Кызыл-Жар" бөлүмүнүн кызматкерлери кыргыз-кытай чек арасынан 4-5 чакырым алыстыкта Кытайдын аймагындагы жайытта жүрүп, кыргыз жерине өтүп кеткен 6 баш топозду көрүшкөн. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасы жана Кытайдын чек арачыларынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Кечээ, 9-ноябрда Түз-Ашуу ашуусунда топоздор Кытай аскерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.