Бишкекте дүйнөгө белгилүү жазуучулардын балдар үчүн жомоктору камтылган "Тааныш бейтааныштар" аттуу кыргызча-орусча китеп жарык көрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз-Орус Славян университетинен билдиришти.
Мындай китепти чыгаруу идеясынын автору, аталган жогорку окуу жайынын "Эл аралык журналистика" кафедрасынын жетекчиси Александр Кацевдин айтымында, түзүүчүлөр китепке өз мезгилинин сыноосунан өткөн, өзүнүн эстетикалык кудуретин жоготпогон белгилүү чыгармаларды киргизгенге аракет кылышты.
"Бул китеп - көркөм маданияттын өз ара кызматташуусунун үлгүсү болгон балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн кыргызча которулган хрестоматиясы. "Балдар китеп окубайт" деген жүйөлүү дооматтар арбын айтылып жаткан учурда аларды, биринчиден, китеп окууну сүйүүгө, экинчиден, алардын курагына жана маданий деңгээлине жараша чыгармаларды берүү зарыл",- дейт Кацев.