Ош шаарында эки наристесин бейтааныш бала багуучуга таштап, Орусияга кетип калган айым мекенине кайтып келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна жайгаштырылган 4 жашар Рамазанга жана 3 жашар Каныкейге ысык тамак-аш берилүүдө, алардын жашаган шарттары жакшы, бөлмөлөрү жылуу. "Алардын апасы туугандарына жакын арада келерин айтты",- деди Абдуллаев.
Айта кетсек, буга чейин айым 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келерин айткан. Бул убакыт аралыгында келе албагандыгынан улам Орусиядагы жумушунан эмгек акысын алары менен Ошко кайтып келерин убадалаган.