3-ноябрда Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулуп бүткөнүнө бир апта болбой жатып көпүрөдөн суу агып жатканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган эле. Бүгүн, 10-ноябрда Ош мэриясына караштуу Жол башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов SUPER.KG'ге байланышка чыгып, көпүрөнүн суу агып жаткан жерлери калыбына келтирилгенин билдирди. Анын билдиришинче, курулуш иштеринде жаралган кемчиликтер жоюлду.
"Алгач курулуш иштери бүткөндөн кийин айрым кемчиликтер пайда болгон. Азыр баарын калыбына келтирдик. Көпүрөдөн суу акпагыдай кылып атайын Орусиядан алынып келинген резиналар менен жамап чыктык. Эми көйгөй болбойт",- деп ишенимдүү айтты Жунусов.