Эл аралык жаштар күнүнө карата Ош шаарындагы коомдук иштерге активдүү катышкан жаштарды сыйлоо иш-чарасы өттү. Ага шаардын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Түгөлбай Абдималиков катышты. Саамалыктын алкагында жаштарга Ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу 10-ноябрда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.