Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Ак-Жар айылындагы мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу 10-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мектеп авариялык абалга келгенде окуучулар убактылуу башка имараттарда билим алып жатышкан. Өкмөттүн атайын программасына киргизилгенден кийин жаңы мектеп спорттук залы менен курулду.
Аталган программанын негизинде өлкө боюнча жалпысынан авариялык абалга келген 70 мектептин ордуна жаңы имарат курулат.