Бишкекте жакында кошумча үч троллейбустук каттам ачылышы мүмкүн

Бишкекте жакында кошумча үч троллейбустук каттам ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Бюджет жана каржы боюнча комиссиясынын жыйынында вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, жаңы каттамдар Асанбай, цирк, Аламүдүн-1, Батыш автобекети аркылуу өтүшү мүмкүн.

Жогорку чыңалуудагы кошумча 48-50 троллейбусту алуу үчүн бизге Европа өнүктүрүү банкы 7,9 миллион евро бергени турат. Анын 5 миллиону насыя, ал эми 2,9 миллиону грант түрүндө берилет. Бул каражаттар эки транш менен келери белгиленген”,- деди Милицкий.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
orhidea
2015-11-10 16:16:57
эми жакшыраак сапаттагы треллейбустардан алышса экен, арзаныны алып калган акчасын болушуп албай...
0
bosmos777
2015-11-10 16:18:45
Кайдан алып келишиптир буларды
0
Rifle
2015-11-10 19:46:20
Насыя алып эле жатабыз, деги кандай төлөөнүн жол жобосун ойлонуп алып жатабы?

же ал акчалар Түлеев сыяктуулар, сары автобус алып, калганын чөнтөккө салып жатабы?
0
RASTAMAN
2015-11-11 02:09:02
Trolleybus alganga da karajat jok ay ay attin...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан