“Жакында сатылып алына турган троллейбустар шаардын транспорт маселесин чечпейт”. Мындай пикирин бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Бюджет жана каржы боюнча комиссиясынын жыйынында шаардык кеңештин депутаты Кубат Болотканов билдирди. Анын айтымында, Европа өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен алына турган троллейбустардын борбор калаага кереги жок.
“Европа өнүктүрүү банкынан алына турган насыяны шаардык бюджет евро менен төлөйт. Учурда күндөн-күнгө евронун курсу көтөрүлүүдө. Экинчиден, учурда Бишкек шаарында жүрүп жаткан троллейбустарга эл 100 пайыз деле отурган жок. Биз алган маалыматтар боюнча, троллейбустар 60 пайызга гана толтурулат.
Троллейбус башкармалыгы шаардык бюджетке салмагын салбай, жеке транспорт компанияларына сунуштарды киргизип, аларды кызыктырса жакшы болмок. Мисалы, маршруттук таксилерди сүрүп чыгарып, алардын ордуна автобус, троллейбустарды алгыла десе, жеке компаниялар жарым жыл, бир жыл ичинде өздөрү каражат таап жаңы транспортторду алышмак”,- деди депутат.