SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө суу түтүктөрү жарылып, ичүүчү суу токтоп калганын кабарлаган эле.
Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Сүйөрбек Аманов: "Салиева көчөсүндө жайгашкан №3 жана "№5-көп кабаттуу үйлөргө таза суу жеткирүүчү суу түтүктөрү үйдүн ичинен жараксыз абалга келип калган. Аны алмаштыруу үчүн жашоочулар өздөрү акча каражатын чогултуп бериши керек болгон. Белгиленген суммадагы акча каражаты толук чогултулбай жаткандыктан, иш токтоп турган. Ага карабастан Ош шаарынын мэриясы өз эсебинен суу чыгарып берүү аракетин көрүп жатат. Азыркы учурда оңдоп-түзөө иштери бүтүп калды. Суу толугу менен 11-ноябрдан тарта бериле баштайт",- деп билдирди.