Бишкек шаардык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясы шаарга 50 троллейбус алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 7,9 миллион евро насыя алуу сунушунан баш тартты. Мындай чечим бүгүн, 10-ноябрда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, мэриянын карызы учурда 2 миллиард сомдон ашат. Буга байланыштуу кошумча насыя алууга мыйзам жол бербейт. Экинчиден, кошумча троллейбустарды алып келүү жол кире баасынын төмөндөшүнө шарт түзбөйт. Үчүнчүдөн, маршруттук таксилерди азайтпайт. Мындан улам 10 депутаттан турган комиссия тийиштүү токтом долбоорун колдоодон баш тартты.
Айта кетсек, борбор шаарга жаңы троллейбустарды алуу үчүн карыз алуу маселеси эми Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралат.