Борбор калаадагы Ататүрк атындагы сейил бакта кечээ, 10-ноябрда түрк лидери Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелиги ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага шаар мэри Кубанычбек Кулматов, кыргыз жериндеги Түркиянын өкүлчүлүгүнөн Метин Кылыч, ТИКАнын координатору Сейит Али Авду, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучулары катышты. Мэр куттуктоо сөзүндө эстеликти оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө көмөктөшкөн ТИКА уюмуна ыраазычылык айтты. Сейил бакка 1995-жылы Ататүрктүн ысымы ыйгарылган.